AnadoluJet «Сабиха Гөкчен» аэропортунан жаңы каттамдарын баштайт

29-мартта баштала турган жаңы каттамдар үчүн билеттер сатууга коюлду.

1340745
AnadoluJet «Сабиха Гөкчен» аэропортунан жаңы каттамдарын баштайт

Түрк аба жолдорунун арзан баада кызмат көрсөткөн авиакомпаниясы AnadoluJet 29-марттан тарта Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» аэропортунан баштай турган каттамдары менен дүйнөгө ачылат.

AnadoluJet жаңы пландоодо ички каттамдарына 16 өлкөдөгү 28 жерди кошот.

AnadoluJet баардыгы эконом-класстан турган учактары менен орундук санын 22 пайыз көбөйтүп, дагы көп жүргүнчүгө дагы арзан баада кызмат көрсөтмөкчү.

29-мартта баштала турган жаңы каттамдар үчүн билеттер AnadoluJet жана Turkish Airlines каналдарында сатууга коюлду.

«Сабиха Гөкчен» аэропортунан чет өлкөдө «Эржан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Кувейт, Дубай, Багдад, Бахрейн, Баку, Жидда, Эрбил, Рияд, Тегеран, Тель-Авив, Тбилиси, Даммам, Абу-Даби, Медина, Амстердам, Барселона, Берлин, Брюссель, Дюссельдорф, Франкфурт, Лондон, Милан, Мюнхен, Штутгарт, Париж, Рим, Вена» каттамдары башталат.



Тектеш кабарлар