Түркия Ливиядагы төңкөрүшчүл генерал Хафтердин кол салууларын айтыптады

Бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жарыялады.

1334900
Түркия Ливиядагы төңкөрүшчүл генерал Хафтердин кол салууларын айтыптады

Түркия, жалган Ливиянын Улуттук армиясына таандык согуштук учактарынын Триполидеги Аскердик окуу жайдын жатаканасына болгон кол салуусун катуу айыптаганын билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында «Жалган Ливиянын Улуттук армиясына таандык согуштук учактары тарабынан 4-январда кечинде Триполинин түштүгүндө орун алган Аскердик окуу жайынын жатаканысына болгон жана көп сандаган курсанттын каза табышына жана жаракат алышына себепчи болгон кол салууну катуу айыптайбыз»,делди.

Анда, «Хафтердин жалган Ливиянын Улуттук армиясынын кол салууларынын токтотулушу жана Ливияда ок атышпоонун камсыздалышы, Хафтерге көрсөтүлгөн тышкы колдоонун соңуна чыгарылышы үчүн эл аралык жамааттын дароо керектүү кадамдарды таштоосу шарт»,деген баа берилди.

Анда, Түркиянын мыйзамдуу Улуттук Ынтымакташтык Өкмөтү менен колдошуусу жана бул багыттагы иштерин уланта турганы баса белгиленди.

Ливиянын чыгыш жагындагы төңкөрүшчүл генерал Халифе Хафтерге караштуу чет элдик согуштук учактардын борбор шаар Триполинин түштүк жагындагы Хадба аймагында орун алган аскердик окуу жайдын жатаканасына  кол салуусунан 30 киши каза тапканы, 33 кишинин жаракат алганы жарыяланган.



Тектеш кабарлар