Түркия Чадга көңүл айтты

Түркия Чаддын Каига шаарына жакын балыкчы айылында болгон террордук кол салууну катуу айыптады.

1326436
Түркия Чадга көңүл айтты

 Түркия Чаддын Каига шаарына жакын балыкчы айылында болгон террордук кол салууну катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Чад көлүнүн жээгиндеги бир балыкчы айылын бутага алган террордук кол салууда көп сандаган кишинин каза болгондугу жана жаралангандыгы билдирилди. Бул кол салууну катуу айыптайбыз. Бир тууган Чад калкына жана өкмөтүнө көңүл айтабыз. Жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

Террордук уюм Боко Харам жасаган куралдуу кол салууда 14 жарандын каза болгондугу, 5 кишинин жаралангандыгы жана 13 кишинин да жоголгондугу билдирилген.



Тектеш кабарлар