Италия Түркия менен соода көлөмүн 30 миллиард долларга жеткирүүгө чечкиндүү
Бул туурасында Италиянын Түркиядагы элчиси Массимо Гаяни маалымат берди.
Италиянын Анкарадагы элчиси Массимо Гаяни, Италиянын премьер-министри Жузеппе Контенин, Түркия-Италия соода көлөмүнүн 30 миллиард долларга жеткирилүүсү үчүн өздөрүнө тапшырма бергенин белгиледи.
Гаяни Анадолу агенттигине берген маалыматында, Түркия менен Италиянын ортосундагы карым-катнаштардын баардык жагынан мыкты экенин жана узак мөөнөттүү күчтүү достукка негизделгенин айтты.
Түркиянын келээрки жылы кайрадан ылдам өсүшүнүн күтүлгөндүгүн билдирген Гаяни: «Түркияны бир эле учурда Орто Азия жана башка рыноктор үчүн да байланыш жери катары эсептейбиз. Кызматташтык түзүп соода алакаларыбызда дагы көп нерсе кылуу потенциалыбыз бар»,-деди.
Орто эсеп менен 20 миллиард долларлык Түркия-Италия соода көлөмүнүн жакшы деңгээл экенин белгилеген Гаяни: «Италиянын премьер-министри Конте, соода алакаларындагы деңгээлге канааттанганын айтып мындан дагы жакшысын жасай алаарыбызды белгиледи. Бизге Түркия-Италия соода көлөмүнүн жалпы 30 миллиард долларга жеткирилүүсү үчүн тапшырма берди. Биз дагы бул максатты ишке ашыруу үчүн аракет кылабыз»,-деди.