Түрк аба жолдорунан арзан билет

Түрк аба жолдору жаңы акция баштады.

1313359
Түрк аба жолдорунан арзан билет

Түрк аба жолдору, Түштүк Европа өлкөлөрүнө 119 доллардан башталган баада учуу мүмкүнчүлүгүн түзгөн акция баштады.

Түрк аба жолдору кеңешчилигинин билдирүүсүнө караганда, бул авиакомания Стамбул жана Анкарадан Италия, Испания, Франция, Мальта, Португалия жана Грециядагы 20дан ашуун жерге арзан баада учуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө.

Чектелүү орундукту камтыган акциядан пайдалангысы келген жүргүнчүлөр учак билеттерин 6-декабрга чейин сатып алган учурунда саякаттарын 2020-жылдын 8-январынан 31-мартка чейин ишке ашыра алышат.

Түрк аба жолдорунун расмий интернет баракчасында жарыяланган бул баалар билет сатуу кеңселеринде өзгөрүшү мүмкүн.

Жүргүнчүлөр каттамдар жана акциялар тууралуу www.turkishairlines.com адресинен же 4440849 номерине чалып, же болбосо сатуу кеңселеринен кеңири маалымат ала алышат.



Тектеш кабарлар