Президент Эрдоган : «Эч ким биздин бул аймакта болуубуздан тынчсызданбашы керек»

Президент Р. Т. Эрдоган расмий сапар менен барган Катарда Түркия- Катар Биргелешкен Күч Командирлигинин Тарык бин Зияд казармасына барды.

1312501
Президент Эрдоган : «Эч ким биздин бул аймакта болуубуздан тынчсызданбашы керек»

Президент Р. Т. Эрдоган Түркия  - Катар Биргелешкен Күч Командирлиги тууралуу : «Эч ким биздин бул аймакта болуубуздан тынчсызданбашы керек»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган расмий сапар менен барган Катарда Түркия- Катар Биргелешкен Күч Командирлигинин Тарык бин Зияд казармасына барды.

Президент Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө чек аранын ичинде жана тышында Түркиянын, элдин коопсуздугу, дос жана бир тууган өлкөлөрдүн тынчтыгы үчүн кызмат кылган бардык коопсуздук күчтөрүнө ийгилик каалап : «Силер бул жерде 2 миң 200 жылдык тарыхы менен дүйнөнүн эң тектүү армияларынан болгон түрк куралдуу күчтөрүнүн сыймыктуу мүчөсү катары кызмат кылуудасыңар. Ошол эле учурда ар бириңер түрк улутунун өкүлү катары бул жерлердесиңер. Түркиянын президенти жана башкы командири катары ар бириңердин көзүңөрдөн өбөмүн»,- деди.

Катар менен аскердик, коопсузук жана коргонуу өнөр жайындагы биргелешкен долбоорлордун эки тараптуу карым- катнаштардын негизин түзгөнүнө көңүлдөрдү бурган Эрдоган буларды кошумчалады : «Катардын коопсуздугун өлкөбүздүн коопсуздугунан эч качан бөлбөйбүз. Силер Катардын аскердик мекемелеринин модернизациясы, аскердик билим берүү тармагында кызматташуунун түрдөнтүлүшү, машыгуу, билим берүүнүн жардамы менен коргонуу жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүктүрүлүшү максатында бул жерлердесиңер. Бул жерде болуу менен 2017 -жылы Булуң өлкөлөрү менен башталган кризистен кийин катарлык бир туугандарыбыздын тынчтык жана ишенимдин негизи болдуңар. Бул жердеги кызматыңар менен Катар калкынын көңүлүнөн орун алдыңар».

Тарыхынын эч бир мезгилинде досторун коркутуулар жана коркунучтар менен жалгыз калтырбагандарын жана калтырышпай тургандарын айткан Эрдоган : «Түркия катары тектүү байланыштарыбыз болгон Булуң аймагынын тынчтык, коопсуздук жана ырааттуулугуна чоң маани берүүдөбүз. Бул аймактын тынчтыгы, жалпы Жакынкы Чыгыштын ырааттуулугу жактаначкыч роль ойногондугуна ишенебиз. Силердин бул жерде болушуңар бир гана Катардын эле эмес, Булуң аймагынын ырааттуулугуна жана тынчтыгына да кызмат кылууда. Эч ким өлкөбүздүн бул аймакта болушунан тынчсызданбашы керек»,- деди.

Эрдоган андан кийин Катардан өлкөгө кайтты.



Тектеш кабарлар