Женева - Анталия түздөн түз учуулары башталат

2020 – жылы 2 -  июндан баштап Женева аэропорту менен Анатлия аэропортунун ортосунда шейшемби жана ишемби күндөрү жумада эки күн түздөн түз тарифтүү каттамдарынын аткарылары белгиленди.

1310981
Женева  - Анталия түздөн түз учуулары башталат

 Түрк аба жолдору түрк туризмине салым кошуу үчүн Швейцариянын Женева шаарынан Анталияга  түздөн түз  каттамдарынын башталарын жарыялады.

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүнө учкан аба жолу фирмасы номинациясына ээ түрк аба жолдорунун Женева офисинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта 2020 – жылы 2 -  июндан баштап Женева аэропорту менен Анатлия аэропортунун ортосунда шейшемби жана ишемби күндөрү жумада эки күн түздөн түз тарифтүү каттамдарынын аткарылары белгиленди.

Бул каттамдардын өлкө тышында жашаган жарандардын туулган жерине келишине да жеңилдиктерди берери да  баса белгиленди. Маалыматта бири бирине карата жасала турган каттамдар аркылуу түрк аба жолдору менен саякатка чыга турган жүргүнчүлөрдүн 30 килограмм болгон багаждарын акысыз ташый алары билдирилди.

Эки шаардын ортосунда боло турган каттамдардын октябрь айынын акырына чейин улантылары белгиленди.



Тектеш кабарлар