Гүлерге Пакистан Концессия медалы берилди

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлерге Пакистандын президенти Ариф Алви тарабынан Пакистан Концессия медалы берилди.

1310333
Гүлерге Пакистан Концессия медалы берилди

Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлерге Пакистандын президенти Ариф Алви тарабынан Пакистан Концессия медалы берилди.

Расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн Пакистанга барган Яшар Гүлерге өлкөнүн мамлекет башчыларынын тышындагы кишилерге берген эң жогорку медаль болгон Концессия медалын тапшыруу аземине пакистандык жарандык жана аскердик кызматкерлер менен Түркиянын Исламабад  элчиси Ихсан Мустафа Юрдакул катышты.

Медаль тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Алви Пакистан  -  Түркия карым  - катнаштарынын жылдардын ичинде күчтүү бир стратегиялык өнөктөштүккө айлангандыгын, эки өлкөнүн орток дин, маданият жана мураска ээ экендигин белгиледи.

Эки өлкөнүн Малайзия менен бирдикте исламофобия менен күрөшүү үчүн телекөрсөтүү каналын курарын белгилеген Алви Түркиянын кыйын учурларда Пакистандын жанында болгондугун, мунун эң негизги үлгүсүнүн болсо Кашмир маселесинде берген колдоо экендигин белгиледи.

Гүлер болсо сөзүндө Түркиянын Кашмир тууралуу Пакистанды  колдоону уланткандыгын жана Кашмир маселесинин БУУнун чечиминин негизинде чечилишине байланыштуу ойлогондугун  айтты.

Алви тарабынан Гүлерге берилген медаль өлкөнүн мамлекет башчыларынын тышында берген эң жогорку медаль болуу өзгөчөлүгүнө ээ.



Тектеш кабарлар