Эрдогандын Вашингтондогу жолугушуулары аяктады

Эрдоган «Эндрюс» аба базасынан Түркияга сапар тартты.

1306315
Эрдогандын Вашингтондогу жолугушуулары аяктады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШдагы жолугушууларын аяктап атайын учак менен (Түркия убактысы боюнча) саат 5.15те Түркияга сапар тартты.

Эрдоганды «Эндрюс» аба базасынан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркиянын Вашингтондогу элчиси Сердар Кылыч, Түркиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу, АКШнын протоколдор боюнча директору Кэм Хендерсон жана берки жетекчилер узатышты.

Президент Эрдоган менен жубайы Эмине Эрдоган, казына жана каржы министри Берат Албайрак, улуттук коргоо министри Хулуси Акар, соода министри Рухсар Пекжан, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчи орун басары Махир Үнал, АК партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик, коммуникация башчысы Фахреттин Алтун жана Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын да Вашингтондон Түркияга сапар тартты.



Тектеш кабарлар