Эрдоган Түркиянын «башын бийик көтөргөн, маңдайы жарык, өзүнө толук ишенгенин» айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган,иш сапары менен барган АКШда президент Дональд Трамп менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1306278
Эрдоган Түркиянын «башын бийик көтөргөн, маңдайы жарык, өзүнө толук ишенгенин» айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жалган армян геноциди дооматтары темасында Түркиянын «башын бийик көтөргөн, маңдайы жарык, өзүнө толук ишенгенин» айтты.

Эрдоган, иш сапары менен барган АКШда президент Дональд Трамп менен бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларынан кийин биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө АКШнын Өкүлдөр палатасында 29-октябрда чыгарылган (жалган армян геноцидин таануу) чечиминин Түрк улутун капага салганын белгилеп, «Түркия «башын бийик көтөрүп, маңдайы жарык, өзүнө толук ишенет. Армян тарабына бул теманын биргелешкен көз карандысыз тарых комиссиясы менен изилдениши боюнча сунушубуз дагы деле жарактуу»,-деди.

Президент, 104 жыл мурда согуш шарттарында өткөн окуялардын (жалган геноцид), чечим чыгаруучуларынын саясатчылар эмес, тарыхчылар экенин айтты.

Президент Сирияда кризиске туруктуу чечүүчү жол табыш үчүн АКШ менен түзүлгөн меморандумга баш ийүүлөрүн уланткандарын дагы белгилеп, «АКШнын бул темада аймакта эң ишеничтүү өнөктөшү Түркия болуп саналат»,-деди.

Трамп менен Түрк улуттук коопсуздугун коркунучка салган террордук уюмдар менен күрөшүүдө эки тараптуу эркти билдиргендерин айткан Эрдоган, Фетуллахчы террор уюмунун АКШда болушун соңуна чыгаруу талабын да кайталады.

Эрдоган, ылайыктуу сунуш берилген учурунда АКШдан абадан коргонуучу «Патриот» системасын сатып ала тургандарын белгилеп өттү.

Президент айрыкча АКШ менен карым-катнаштарда түптүү шериктештик байланышына шайкеш түрдө жаңы барак ачуу боюнча чечкиндүү экендиктерин билдирди.

АКШнын прзеиденти Дональд Трамп болсо Эрдоганга сапарынан улам ырахматын айтып, биргелеше Сирия маселеси, Түркиянын Орусиядан сатып алган ракеталык коронуу системасы С-400дөр, соода көлөмүнүн 100 миллиард долларга жогорулатылышынан баштап эки тараптуу карым-катнаштарды карап чыккандарын, «жемиштүү жана укмуш жолугушуу» өткөргөндөрүн айтты.

Трамп, ДЕАШ менен күрөшүүдөгү кызматташтыгы үчүн президент Эрдоганга ырахматын айтып, эки өлкөнүн шериктештеринин НАТО жана Жакынкы Чыгыш үчүн маанилүү күч болгонун белгилеп кетти.



Тектеш кабарлар