Президент Эрдоган : "Токой аянтын 17 жылда 22, 6 миллион гектарга чыгардык"

Улуттук дарак тигүү күнү кампаниясынын негизинде бүгүн 81 облуста 11 миллион көчөт тигилди.

1304367
Президент Эрдоган : "Токой аянтын 17 жылда 22, 6 миллион гектарга чыгардык"
erdogan.jpg

Улуттук дарак тигүү күнү кампаниясынын негизинде бүгүн 81 облуста 11 миллион көчөт тигилди.

Президент Р. Т. Эрдоган борбор шаар Анкарада Батыкенттеги Чакырлар жеринде өткөн «Улуттук дарак тигүү күнү» программасына катышып, жарандарга кайрылды. Сөзүндө максаттарынын жапжашыл Түркия картинасын ортого чыгаруу экендигин баса белгилеген Эрдоган иш чарага көрсөтүлгөн чоң кызыгуунун максаттарын ашып дүйнөгө үлгү боло турган кампанияга айлангандыгын билдирди. Эрдоган рекорддун бүгүн Гиннес рекорддор китебинин жетекчилери тарабынан Чорумдан иликтенип жана каттоого өткөрүлөрүн белгиледи.

Жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрүнүн Бодрумда, Мармаристе, Измирде, Анталияда бир топ жерде токой аянттарын аёсуз түрдө өрттөгөндүгүн эске салган Эрдоган : «Бул ПКК деген жикчил террордук уюм, алардын уландылары өздөрү муну билдиришти. Биз өрттөдүк дешти. Алар өрттөшү. Биз тиктик. Булардын иши экологияны коргоо эмес, бирөөлөр үчүн Түркияны курчоо эле. Кудайга шүгүр Алланын жардамы жана улутубуздун  колдоосу менен бул тузактардын баарын жокко чыгардык. Бардык маселебизде болгондой дарак тигүү иш чарабызда да улутубуз менен бирдикте иштеп жатабыз»,- деди.

Эрдоган 17 жылда жалпы 4, 5 миллиард көчөт тигүү менен токойлордун аянтын 20, 8 миллион гектардан 22, 6 миллион гектарга чыгарышкандарын белгиледи.

 



Тектеш кабарлар