Азербайжан Түркиянын террор менен күрөшүн колдойт

Азербайжандын коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов Түркиянын террорго каршы жүргүзгөн күрөшүн толугу менен колдошкондорун билдирди.

1300826
Азербайжан Түркиянын террор менен күрөшүн колдойт

 Азербайжандын коргоо министри, армиянын генералы Закир Хасанов Түркиянын террорго каршы жүргүзгөн күрөшүн толугу менен колдошкондорун билдирди. Хасанов 12 -  Азербайжан  - Түркия жогорку деңгээлдеги аскердик диалог жыйынына катышуу үчүн Бакуга барган башкы штабдын экинчи төрагасы, армиянын генералы Метин Гүрактын жетекчилигиндеги делегацияны кабыл алды.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда Хасанов жолугушууда өлкөсүнүн коргонуу көлөмүн чоойтуу үчүн Түркия менен аскердик кызматташууну кеңейткендигин, мунун да аймакта ырааттуулукту түзүүдө ачкыч роль ойногондугун айтты.

Террор менен күрөштө шейит болгон түрк аскерлеринин үй  - бүлөлөрүнө көңүл айткан Хасанов жикчилдер менен күрөшкөн өлкө катары Азербайжандын Түркияны толугу менен колдогондугун белгиледи.

Бир тараптан аймактагы акыркы абалдар да каралган жолугушууда Грузия, Пакистан жана  түрк тилдүү өлкөлөрдүн да катышуусу менен биргелешкен машыгуулардын өткөрүлүшү жана тажрыйба алмашуу темаларында пикир алышууларда болушту.



Тектеш кабарлар