Президент Р. Т. Эрдоган Орусиядан кайтышында учакта маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган тарыхый Сочи меморандуму менен Сириянын түндүгүндө террор коридоруна бир сокку урушкандарын айтты.

1293422
Президент Р. Т. Эрдоган Орусиядан кайтышында учакта маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган тарыхый Сочи меморандуму менен Сириянын түндүгүндө террор коридоруна бир сокку урушкандарын айтты.

Президент Эрдоган Орусиядан кайтуусунда учакта журналисттерге маалымат берди.

Кечээ Сочиде Орусиянын президенти В. Путин менен алты саат жыйырма минутага созулган саммит тууралуу кенен маалымат берген Эрдоган чыккан жыйынтыктын күткөндөй болгондугун белгиледи.

«Бул келишим менен террор коридоруна дагы бир сокку урдук»,- деген Эрдоган : «Сириянын жеринин бүтүндүгүн күчтөндүрө турган кадам таштадык, Астана процессинде маанилүү ийгиликке жетиштик, «Тынчтык булагы» операциясынын бир түшүмүн дагы алдык. Качкындардын үйлөрүнө кайтуусун жеңилдете турган пайдубалды түптөдүк»,- деди.

Келишим боюнча ПКК/ЙПГ террордук уюмунун 150 саатта Сириянын түндүгүнөн чыгарын баса белгилеген Эрдоган буларды айтты : «Керек болсо АКШ, керек болсо Орусия менен түзүлгөн бул келишимдерибизде  эгерде берилген убадалар орундалбаса биз үчүн ташталышы керек болгон кадамдарда эч бир өзгөрүү болбойт. АКШ менен түзүлгөн келишим бөлүгүндө ушул эле операциябызды чечкиндүүлүк менен улантабыз. Орусия тууралуу да урматтуу Путин абдан чечкиндүү айтты : «Биз буларды ал жерлерден чыгарабыз деди».

Жолугушуунун арты тууралуу да сөз кылган Эрдоган террористтердин режим кийимин кийип алып аянтта калуу ыктымалынын күн тартибине келгенин айтты. Эрдоган : «Бул тууралуу ансыз да биз урматтуу Путинди эскерттик. Булар режимдин кийимин кийип алып аянтта кала турган болсо эмне болот? Уруксат бербейбиз деди. Муну иликтейбиз»,- деди.

Меморандум боюнча 150 сааттын акырында «Тынчтык булагы» операциясы жүргүзүлгөн чек аралардын батышы жана чыгышында 10 километр ичкериде Түркия  - Орусия биргелешкен күзөтүн баштайт. Бирок  Камышлы бул негизде орун алган жок.

Камышлынын эмне үчүн өзүнчө каралгандыгы тууралуу : «Камышлы азыркы учурдан баштап Орусия аскерлери менен өкмөт күчтөрү орун алган жер. Ошондуктан ал жерде биз менен бетме  - бет келүү сыяктуу  нерсени каалабайбыз»,- деди Эрдоган.

Айн ел  -  Арабда да процесстин Орусия менен бирдикте жүргүзүлөрүн айткан Эрдоган : «Тель Абяд -  Расулайндын ортосунда болсо жаңы бир абал бар. Бул бизге берилген укук сыяктуу. Бул биз ал жерде туруктуу болобуз дегенди билдирбейт. Бул жерлердин негизги ээси Сирия. Биз баскынчы армия эмеспиз. Мындай өзгөчөлүгүбүз жок. Бул жердин чыныгы ээлери азыркы учурда биздеги 3 миллион 650 миң качкын»,- деди.

Президент Эрдоган АКШ жана Орусиянын эми мурункудай оңойчулук менен «ЙПГ башка, ПКК башка» деп айтпай тургандыгын да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар