Терроризмге каршы күрөш уланып жатат

Үч облуста террористтерге каршы операциялар жүргүзүлүүдө.

1291431
Терроризмге каршы күрөш уланып жатат

Диярбакыр, Мардин жана Битлисте жүргүзүлгөн операцияларда 7 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ички коопсуздук операцияларынын алкагында Диярбакырдын Лиже районунун элет жеринде Коопсуздук директорлугу жана Облустук жандамерия командирлиги тарабынан жүргүзүлгөн операцияларда, бирөө боз тизмеде изделген жалпы эки террорист жок кылынды.

Бул террористтерден бирөөнүн 300 миң лиралык сыйлык менен боз тизмеде орун алган «Федаи Кочер» каймана аттуу Юсуф Демир экени белгиленди.

Ошондой эле Мардиндин Дерик районунун элет жеринде жүргүзүлгөн операцияларда 3, Битлистин элет жериндеги операцияларда болсо 2 террорист жок кылынды.

Аймакта операциялар уланып жатат.



Тектеш кабарлар