Эрдоган менен Вучич 9 келишимге кол койду

Жыйналыштан кийин эки президент эки өлкөнүн ортосундагы 9 келишимге кол койду жана артынан биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

1283465
Эрдоган менен Вучич 9 келишимге кол койду
erdogan-vucic.jpg
erdogan sirbistan3.jpg
erdogan sirbistan2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган расмий сапар менен Сербияга барды...

Президент Эрдоган, борбор шаар Белграддагы Сербия Сарайында кесиптеши Александр Вучич тарабынан салтанаттуу азем менен тосулду.

Эрдоган жана Вучич, аземден кийин эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 140 жылдыгынан улам Сербиянын мамлекеттик архивдериндеги документ жана фотосүрөттөрдөн турган көргөзмөнү кыдырды.

Андан соң бетме-бет жолугушууга өткөн Эрдоган менен Вучич, Түркия-Сербия Жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин экинчи жыйынына жетекчилик кылды.

Эрдоган бул жердеги сөзүндө эки өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштардын күчтөнүп уланышы кубандырганын айтып, «Түркия менен Сербиянын ортосундагы саясий, экономикалык, соода-сатык, маданий, бардык бул карым-катнаштардын артышы чындап эле кубандырат. Булардын улам артып уланышы үчүн мен Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кеңештин жыйналышына абдан маани беремин жана булардын да бардык министрлерибиздин өз араларында жасай турган инфраструктура иштери менен бирге жогорку деңгээлде биз жасай турган иштер менен абдан илегрилей турганына ишенемин»,-деп айтты.

Сербиянын президенти Вучич да экономикалык кызматташтык жаатында айрым жаңы тармактар боюнча сүйлөшкөндөрүн белгилеп: «Туризм, маданият жана башка тармактарда кызматташтыгыбызды дагы өнүктүрө турганыбыз темасында бирдей пикирдебиз»,-деди.

Жыйналыштан кийин эки президент эки өлкөнүн ортосундагы 9 келишимге кол койду жана артынан биргелеше маалымат жыйын өткөрдү.

Президент Эрдоган, Сербия менен карым-катнаштарды саясий, экономикалык, соода-сатык, коргонуу сыяктуу тармактарда өнүктүрүүгө аракет кылгандарын белгилеп, кызматташтыктын абдан жакшы деңгээлге жеткенин айтты.

Эки өлкөнүн соода көлөмүнүн 1,2 миллиард долларга жогорулаганын билдирген Эрдоган, максаттын кыска мөөнөттө 2 миллиард доллар узун мөөнөттө болсо 5 миллаирд доллар болгонун кеп кылды.

Эрдоган, Сербия Түркиянын Йенипазарга Башкы консулдук ачуу талабына оң жооп бергенин да жарыялады.

Түркия, Сербия жана Босния-Герцеговина Үчтүк Саммитин эртең ишке ашыра тургандарын белгилеген Эрдоган: «Ушундайча көңүлдөрдү бири-бирине жеткирген жаңы достук жана тынчтык көпүрөсүн курабыз. Адамзат үчүн уруш эмес, адамзат үчүн тынчтык керек»,-деди.



Тектеш кабарлар