Президент Р. Т. Эрдоган террор менен күрөшүүнү улантышарын билдирди

Диярбакырда балдары ПКК тарабынан тоого алып барылган энелерге колдоо берген Эрдоган мамлекет катары бул энелердин жанында экендигин айтты.

1269057
Президент Р. Т. Эрдоган террор менен күрөшүүнү улантышарын билдирди

Президент Эрдоган Стамбулда жума намазынан чыгып жатып массалык маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Эрдоган билдирүүсүндө  Диярбакырда кечээ ПКК жикчил террордук уюмдун жарандарга карата бомбалуу кол салуусуна токтолду. Эрдоган : «Алла шейиттерибизге ырайым, жаралууларыбызга шыпаа берсин. Шейит үй  - бүлөлөрү менен сүйлөштүм. Биз көптөгөн жылдардан бери уруу катары көптөгөн шейит бердик. Булар бизди жеңе алышпайт деп жатышат. Бул күрөшүбүздү улантабыз. Биз Түркия республикасы катары жеңип чыгарыбызга ишенем»,- деди.

«Кол салуу тууралуу Элдердин демократиялык партиясынан камоого алынгандар бар, башка камоолор да болот деп ойлойм»,- деди Эрдоган.

Диярбакырда балдары ПКК тарабынан тоого алып барылган энелерге колдоо берген Эрдоган мамлекет катары бул энелердин жанында экендигин айтты.

Сириядагы абалдарга да токтолгон Эрдоган : «Сирия саммити бир процесс. Сочиде башталды. Анкара менен Тегеранда улантылды. Сочи жана мындан кийин Анкарада улантабыз. Бул саммит менен Идлибдеги абалдарды карап чыгабыз. Байкоо жерлери жана бул жердеги абалдар, террордук уюм менен күрөш менен бул процессти улантабыз»,- деди.

Сириянын түндүгүндөгү коопсуз аймакка байланыштуу маалымат да берген Эрдоган : «Коалиция күчтөрүнүн аткарган иштери бар, алар менен да сүйлөшүп жатабыз. Урматтуу Дональд Трамптын мындан мурда 20 мил деп билдирген аймакта  аткарылган иштер,  түрк куралдуу күчтөрүбүздүн кызматкерлери менен АКШнын кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Тик учарларыбыз бирдикте логистикалык жактан аба кыймылдарын аткарышууда. Жикчил террордук уюм ПЙД/ПККга карата АКШнын мамилесине маани беребиз. Биз каалагандай мамиле кылып жатабы? Ушул кезге чейин биз каалаган мамиле жасалган жок»,- деди.



Тектеш кабарлар