ПККга каршы операциялар уланып жатат

ПККлык 7 террорист жок кылынды.

1256504
ПККга каршы операциялар уланып жатат

 

Мардин жана Шырнакта коопсуздук күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн операцияларда жикчил террордук уюм ПККга мүчө 7 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, ички коопсуздук операцияларынын алкагында Мардиндин Савур районунун элет жеринде Облустук жандармерия командирлиги жана Коопсуздук директорлугу тарабынан операция жүргүзүлдү.

Операцияда 5 террорист жок кылынды.

Шырнактын Силопи районунда уланган операцияда да ПККга мүчө 2 террорист жок кылынды.

Аймакта операциялар уланып жатат.



Тектеш кабарлар