Кападокияга келген турист саны
Кападокияга эң көп турист Азия өлкөлөрүнөн келип, жылдын акырына чейин 3 миллион туристтин келиши күтүлүүдө.
Кападокияга келген туристтердин саны 2019 - жылдын биринчи алты айында акыркы 3 жылга караганда 85 пайызга өсүп 1 миллион 250 миңге жетти.
Кападокияга эң көп турист Азия өлкөлөрүнөн келип, жылдын акырына чейин 3 миллион туристтин келиши күтүлүүдө.
Маданият жана туризм министрлигинин маалыматтарына караганда Кападокия 2019 - жылдын биринчи алты айында Стамбул менен Анталиядан кийин чет элдик туристтер эң көп келген үчүнчү жер болду.
Кападокияга келген чет элдиктердин саны иликтенгенде кытайлыктар 156 миң киши менен биринчи орунду, тайвандыктар 47 миң киши менен экинчи орунду жана түштүк кореялыктар 42 миң киши менен үчүнчү орунду алды. Акыркы жылдарда турист санында болгон өсүү менен Түркиянын негизги туризм борборлорунун бири болгон Кападокия 1985 - жылдан бери ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесинде.
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.