Президент Эрдоган : "Жаратылыш газда борбордук өлкө болуу максатыбызга жетебиз"

Эрдоган кечээ Аксарайдагы Туз көлү жаратылыш газ сактоону кеңейтүү долбоорунун пайдубалын түптөө аземине жазуу түрүндө билдирүү жөнөттү.

1244765
Президент Эрдоган : "Жаратылыш газда борбордук өлкө болуу максатыбызга жетебиз"

Президент Р. Т. Эрдоган келерки мезгилде Түркиянын жаратылыш газ тармагында турмушка ашыра турган жаңы долбоорлор менен бирге борбордук өлкө максатына дагы да жакындай тургандыгын белгиледи. Эрдоган кечээ Аксарайдагы Туз көлү жаратылыш газ сактоону кеңейтүү долбоорунун пайдубалын түптөө аземине жазуу түрүндө билдирүү жөнөттү.

Билдирүүсүндө пайдубалды түптөө аземи өткөрүлгөн Туз көлүнүн жер астындагы жаратылыш газ сактоону кеңейтүү долбоорунун элге пайдалуу болушун каалаган Эрдоган : «Чоң жана күчтүү Түркия жолунда бизге тоскоол боло турган, кыймылыбызды чектей турган бардык маселелердин эртерээк чечилиши үчүн болгон күчүбүз менен иштөөнү улантуудабыз. Жаратылыш газда канчалык чектүү бир резервге ээ болсок да бул абал Түркиянын күчтүү жаратылыш газ  базисин курушу жана келечекте экспортчу өлкө болушунун алдында эч бир тоскоолдук эмес»,- деди.

Эрдоган акыркы жылдарда таштаган суюлтулган жаратылыш газды сактоо жана кайрадан газга айланыдруу станциясы, суюлтулган жаратылыш газ, жарытылыш газ сактоо комплекстери, эл аралык түтүк жол сыяктуу стратегиялык кадамдар менен бирге Түркиянын жаратылыш газ түтүк жолдору сыяктуу газ өткөрүү коопсуздугун чоң өлчөмдө кепилдикке алгандыгын айтты.

Эрдоган : «Түркия бул аракеттери менен бирге саясий, экономикалык, геополитикалык, коньюнктуралык абалдардан көз карандысыз түзүлүштө болбогон глобалдык энергетика базарларындагы бекем ордун дагы да күчтөндүрдү. Алдыбыздагы мезгилде жаратылыш газ тармагында турмушка ашыра турган жаңы долбоорлор менен бирдикте борбордук өлкө максатыбызга жакындайбыз. Түркия глобалдык энергетика долбоорлорун турмушка ашыруу үчүн бир гана геополитикалык абалы менен эмес, ошол эле учурда тажрыйбасы, саясий ырааттуулугу жана күчтүү экономикасы менен да аймактын күчтүү жана ишенимдүү өнөктөшү болот»,- деди.



Тектеш кабарлар