Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын кабинет жыйынында маалымат берди

С - 400дөр жакынкы убакта тапшырылат жана активдүү түрдө колдонулат.

1230609
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын кабинет жыйынында маалымат берди

 Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын Орусиядан алынган С  - 400дөрдүн жакынкы убакта тапшырыла баштай тургандыгын жана активдүү түрдө колдонуларын айтты.

Ибрахим Калын президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөн кабинет жыйынында маалымат берди.  Калын С  - 400дөрдүн жакынкы убакта тапшырыла баштай тургандыгын жана активдүү колдонуларын белгилеп : «С  - 400дөр НАТО системасынын ичинде орун алган коопсуздук системабызга коркунуч туудура турган коргоо систмасы эмес. Кайда жайгаштырылары тууралуу иштерди Улуттук коргоо министрлигибиз, Аба күчтөрү командирлиги менен Күч командирликтерибиз бирдикте аткарышууда»,- деди. Калын Сирия тууралуу андан мурда Астана процессинин негизинде Түркия, Орусия жана Иран өткөргөн үчтүк саммиттин кийинки жыйынын август айынын ичинде президент Р. Т. Эрдогандын жетекчилигинде Түркияда өткөрүүнү пландашкандарын айтты.

Саммит өткөрүлө турган күн тууралуу иштеп жатышкандарын белгилеген Калын жыйында Сирия маселесинин кенен түрдө караларын белгиледи.

Ибрахим Калын октябрь айында Стамбулда боло турган төрттүк саммиттин (Түркия, Орусия, Германия, Франция) экинчи жыйынынын да президент Эрдогандын жетекчилигинде Түркияда өткөрүлүшү тууралуу Чоң жыйырмалар саммитинде кесиптештери менен макулдашууга барылгандыгын билдирди. Калын август айынын акырында же сентябрь айынын башында өткөрүлүшү пландалган төрттүк саммитте да Сирия жана аймактагы жалпы коопсуздук темаларынын кенен түрдө караларын белгиледи.



Тектеш кабарлар