Президент Эрдоган орундугун Озан Сөзейатароглуна берди
Эрдоган билим берүү министри Зия Селчук жана коштоосундагы балдарды президенттик комплексинде кабыл алды.
Президент Р. Т. Эрдоган 23 - Апрель майрамынын негизинде орундугун Кува - йи Миллийе орто мектебинин 6 - классынын окуучусу Озан Сөзейатароглуна өткөрүп берди.
Эрдоган билим берүү министри Зия Селчук жана коштоосундагы балдарды президенттик комплексинде кабыл алды.
«Келечегибиздин кепилдиги балдарыбызды 23 - Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктаймын»,- деген Эрдоган ушул себеп менен дүйнө балдарына чын жүрөктөн сүйүүсүн билдирди.
Эрдоган : «Мустафа Кемал Ататүрк башта болуу менен мамлекетибиздин курулушу жана азыркы күнгө келишинде эмгек кылган баарын ыраазычылык менен эскерем. Ардагерлерибизге узун өмүр тилеймин»,- деди.
Окуучулардын эмгектенүү менен ийгиликтери менен Түркияны дагы да алдыга жылдырарын айткан Эрдоган : «Силердин колуңарда бул өлкө дүйнө сахнасынан орун алат. Үмүтүңөрдү эч качан жоготпогула, кыялыңардын алдына эч бир бөгөт койбогула. Унутпагыла силер 2 миң 200 жылдык тарыхый жеңиш менен эрдиктер менен толгон улуу улуттун балдарысыңар. Дагы бир жолу 23 - Апрель улуттук эгемендик жана балдар майрамы менен куттуктайм»,- деди.