Орусиянын тышкы иштер министри Түркияга келет

Сергей Лавров тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушуу үчүн 28 – 29 -  мартта Анталияга келет.

1171110
Орусиянын тышкы иштер министри Түркияга келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен жолугушуу үчүн 28 – 29 -  мартта Анталияга келет.

Спутник маалымат агенттигинен берилген кабарга караганда Лавров менен тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун андан мурда 12 -  март деп пландалган бирок эки министрдин да программасындагы өзгөрүүлөрдөн улам жоюлган жолугушуу бул жумада өткөрүлөт.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова : «Орусиянын тышкы иштер министринин түрк кесиптеши менен жолугушуу үчүн 28 – 29 -  мартта Анталияга барышы пландалууда»,- деди.

Ушундайча тышкы иштер министри Чавушоглу күнүн 28 -  март деп берген жолугушуу Орусия тарабынан да ырасталган болду.

Лавров менен Чавушоглунун Анталияда Орусия  - Түркия стратегиялык пландоо группасынын жыйынына жетекчилик кылышы күтүлүүдө.

Чавушоглу 8 -  апрелде да президент Р. Т. Эрдоган менен Орусияга сапар менен барарын белгилген.

Орусияда болсо Түркия  - Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынынын өткөрүлүшү күтүлүүдө.

Түркия  - Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин жыйынына Орусиянын президенти В. Путин менен президент Р. Т. Эрдоган жетекчилик кылат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар