Чамлыжа мечити ыбадатка ачылды

2013 -  жылы курула баштаган жана курулушу 6 жылга созулган мечитте биринчи азан багымдат намазында айтылды.

1158760
Чамлыжа мечити ыбадатка ачылды
camlica cami2.jpg
camlica cami1.jpg

Стамбулдун эң бийик дөңсөөсүнө курулган Чамлыжа мечити ыдабатка ачылды.

2013 -  жылы курула баштаган жана курулушу 6 жылга созулган мечитте биринчи азан багымдат намазында айтылды.

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Стамбул мэрдигине талапкер Бинали Йылдырым да катышкан багымдат намазына эл абдан чоң кызыгуу көрсөттү. Йылдырым багымдат намазы менен ыбадатка ачылган Чамлыжа мечитинин көркөмдүү чыгарма болгондугун айтты.

Ошол эле учурда 63 миң киши намаз окуй ала турган комплекс катары долбоорлонгон Чамлыжа мечитинин расмий ачылышы кийинчерээк президент Р. Т. Эрдоган тарабынан ачылат.

Чамлыжа мечитинин ыбадат аянты менен бирге 11 миң метр квадраттык музейи, 3 миң 500 метр квадраттык көркөм өнөр галлереясы, 3 миң метр квадраттык китепканасы, 1000 кишилик конференция залы, 8 санат ательеси, 3 миң 500 унаалык жабык автопаркы бар.

Мечиттин 34 метр диаметрдик куполу Стамбулдун символу болду.

 



Тектеш кабарлар