Түрк аба жолдору Берлинден Адана жана Газиантепке түздөн түз учат

Түрк аба жолдору ТХЙ Германиянын борбор шаары Берлинден Адана жана Газиантепке түздөн түз каттамдарын баштоодо.

1158208
Түрк аба жолдору Берлинден Адана жана Газиантепке түздөн түз учат

Түрк аба жолдору ТХЙ Германиянын борбор шаары Берлинден Адана жана Газиантепке түздөн түз каттамдарын баштоодо.

Берлинден  Аданага түздөн түз каттам 2 -  апрелде, Газиантепке түздөн түз каттам болсо 5 -  апрелде башталат.

Жай сезонунда жумада бир жолу аткарыла турган каттамдар менен жүргүнчүлөр Берлинден Аданага түрк аба жолдорунун өзгөчөлүктүү саякат тажрыйбасы менен барышат. Берлинден Газиантепке 5 -  апрелде баштала турган түздөн түз каттамдар да жуманын жума жана ишемби күндөрү аткарылат.

Жакынкы учурда Анталиядан Германиянын эң чоң шаарларынын арасындагы Берлин жана Штуттгартка түздөн түз каттамдарды баштоо чечимин чыгарган түрк аба жолдору Анадолунун ар башка жерлеринен башка бир Германия шаары болгон Дуссельдорфго да да түздөн түз каттамдар жасалат.

Түрк аба жолдору түрктөр көп жашаган аймактардан Дуссельдорфту Анадолуга, Анталияга, Трабзон, Анкара, Кайсери жана Газиантепке карата түз каттамдар менен байланыштырат.

Жай айларында аткарылышы пландалган каттамдардын биринчиси 31 -  мартта Дессельдорф  -  Анталия арасында аткарылат. Газиантеп каттамдары 11 -  июль, Кайсери каттамдары 5 -  июль, Анкара каттамдары 1 -  июнь, Трабзон каттамдары болсо 30 -  июнь күнү башталат.

Европа жарандары Түркия жээктеринин теңдеши жок табияты жана Түштүк – Чыгыш Анадолунун бай  ашканасы башта болуу менен Түркиянын түрдүү баалуулуктарын түздөн түз каттамдар менен көрүү мүмкүнчүлүгүн табат. Дүйнөгө белгилүү өнөр жай жарманкелери менен да алдыңкы планга чыккан Дуссельдорф 600 миң калкы менен Германиянын эң калкы көп жетинчи шаары жана Рейн дарыясынын жээгинде жайгашкан. Жаңы каттамдардын эки өлкөнүн арасындагы туризм жана иш максатында саякат жолуна да салым кошуусу максат кылынууда.



Тектеш кабарлар