Жон Болтон Түркиядан кетти
Анкарадагы жолугушууларында Жон Болтонду АКШнын башкы штабынын төрагасы Жосеф Данфорд менен Бретт Макгурктун ордуна глобалдык коалициянын атайын өкүлү катары дайындалган Жеймс Жеффри коштоду.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешичиси Жон Болтон Түркиядан кетти.
Түрк жетекчилер менен жолугушуу үчүн кечээ кечки сааттарда борбор шаар Анкарага келген Болтон жана коштоосундагы делегацияны ташыган атайын учак Түркия убактысы боюнча саат 13: 45те Эсенбога аэропортунан учту.
Жолугушуу чурунда Болтонду АКШнын башкы штабынын төрагасы Жосеф Данфорд менен Бретт Макгурктун ордуна глобалдык коалициянын атайын өкүлү катары дайындалган Жеймс Жеффри коштоду.
Президенттиктин катчысы Ибрахим Калын менен АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Болтон президенттик комплексте бүгүн эрте мененки сааттарда жолугушту. Жолугушуу 2 саат 10 минутага созулду.
Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Болтон Анкарадан мурда Израилге барган жана премьер - министр Беньямин Нетаньяху менен жолугушкан. Данфорд менен Жеффринин болсо Анкарада дагы бир канча убакыт калып сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Президент Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү жарыялады
Президент Режеп Таййип Эрдоган бардык энелерди «Энелер күнү» менен куттуктады.