Башкы прокурорлуктан Кашыкчы тууралуу билдирүү

«Өлтүрүлгөндөн кийин сөөк бөлүктөргө бөлүнүп жок кылынган".

1079157
Башкы прокурорлуктан Кашыкчы тууралуу билдирүү

Стамбул республикалык башкы прокурору Washington Post гезитинин жазуучусу саудиялык журалист Жемал Кашыкчынын мурунтадан түзүлгөн план боюнча өлксөнүн Стамбул консулдугуна кирери менен өлтүрүлгөндүгүн билдирди.

«Өлтүрүлгөндөн кийин сөөк бөлүктөргө бөлүнүп жок кылынгандыгын» баса белгилеген башкы прокурор билдирүүсүндө : «Окуя тууралуу жергиликтүү кызматташуучунун бар экендигине байланыштуу Сауд Аравия мекемелеринен кандайдыр бир билдирүүнүн болбогондугу билдирилген»,- деген сөздөргө орун берилди.

Башкы прокурор : «Чындыктын ортого чыгарылышы тууралуу бардык жакшы ниеттүү аракеттерибизге карабастан сүйлөшүүлөрдөн так жыйынтык алына албады»,- деди.

Стамбул башкы прокурорлугу Сауд Аравияда камоого алынгандыгы билдирилген шектүүлөрдү Түркияга тапшыруу талабынын кайталангандыгын белгиледи. Маалыматта Стамбул республикалык прокурору жана коштоосундагы делегациянын Кашыкчы кылмышынын алкагында Сауд Аравияга чакырылгандыгы да билдирилди.

Washington Post гезитинин жазуучусу саудиялык журналис Жемал Кашыкчы 2018 -  жылдын 2 -  октябрында шейшемби күнү Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугуна баргандан кийин дайынсыз жок болгон.

Сауд Аравия башкаруусу 20 -  октябрда Кашыкчынын «консулдук имаратында чыккан чыр  - чатакта каза болгондугун» билдирген.



Тектеш кабарлар