Катардын коргоо министри Анкарада

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Анкарага расмий сапар менен келген Катардын вице  - премьер  - министри жана коргоо боюнча жооптуу мамлекеттик министри Халид Бин Мухаммед ел  - Атиййени тосуп алды.

1068903
Катардын коргоо министри Анкарада

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Катардын вице  - премьер  - министри жана коргоо боюнча жооптуу мамлекеттик министри Халид Бин Мухаммед ел  - Атиййе менен жолугушту. Акар борбор шаар Анкарага расмий сапар менен келген Атиййени улуттук коргоо министрлигинде өткөрүлгөн аскердик  азем менен тосуп алды.

Аскерлерге салам берген Атиййе министрликтин ардак дептерине кол койгондон кийин эки министрдин ортосунда жолугушууга өтүлдү.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы карым  - катнаштар, аймактык темалар менен коргоо өнөр жайы тармагындагы кызматташтык темалары каралды.

Атиййе кечки сааттарда президент Р. Т. Эрдоган тарабынан кабыл алынат.

 

 



Тектеш кабарлар