Эрдоган-Путин жолугушуусу Орусия басма сөзүндө...

Орусияда чыккан гезиттер, Эрдоган жана Путиндин кечээ Сочиде өткөргөн саммиттин жыйынтыгын оң жылыш катары коомдук пикирге чагылдырды.

1051901
Эрдоган-Путин жолугушуусу Орусия басма сөзүндө...

Орус басма сөзүндө президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Сириянын Идлиб аймагында куралсыз аймак түзүү тууралуу келишимге жетишүүсүнө «Сирияда тынчтыктын түзүлүшү үчүн үмүт берүүчү» деген сереп салынды.

Орусияда чыккан гезиттер, Эрдоган жана Путиндин кечээ Сочиде өткөргөн саммиттин жыйынтыгын оң жылыш катары коомдук пикирге чагылдырды.

Ведомости, «Эрдоган жана Путин, Идлибде куралсыз аймак боюнча макулдашты» аттуу тема койгон макаласында бул чечимдин 4 сааттан ашуун убакытка созулган сүйлөшүүдөн кийин чыкканын белгилеп, «Бул муну берет; Сириянын куралдуу оппозициячылдарынын көзөмөлүндөгү акыркы чоң аймакта аскердик операция жүргүзүлбөйт. Айрыкча Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу дагы Идлибде жаңы операция болбой турганын билдирди»,деген сөздөр орун алды.

«Идлибде операция болбойт» темасы менен маалыматты угузган Коммерсант гезити, саммиттин акырында Идлибде аскердик операция болбой турганынын белгиси берилгенин жазды.

Независимия газета болсо Эрдогандын аймактагы маселени чечүү темасында ортоңку жолду табууга аракет кылганын жарыялады.

Известия болсо Эрдоган-Путин саммитин «Сирияда үмүт» темасы менен берди. Идлибде куралсыз аймак түзүлүүсү жагдайында жетишилген келишимдин аймакта жаңы аскердик кагылышууга бөгөт боло турганын белгилеген маалыматта, келишимдин талабы боюнча оор куралдардын аймактан чыгарыла турганы жана мунун дагы жаңы кагылышуу абалына бөгөт боло турганы белгиленди.

ТАСС маалымат агенттиги «Идлиб маселесинде жылыш бар» темасы менен жарыяласа, Риа маалымат агенттиги да «Путин жана Эрдоган Идлибде куралсыз аймак түзөт» темасын коюп, Идлибдин куралсыздандырылышы жагдайында меморандумга кол коюлганын эске салды.

Орус телеканалдары да кабар бюллетендеринде Сочидеги Эрдоган-Путин саммитине кеңири орун берди.



Тектеш кабарлар