Дубай шейхинин яхтасы Бодрумга келди

Дубай шейхи Абдуллах Ал Футтаимдин «Радиант» аттуу яхтасынын узундугу 110 метр.

1051184
Дубай шейхинин яхтасы Бодрумга келди

Дубай шейхи Абдуллах Ал Футтаимдин 110 метр узундутагы мега люкс яхтасы  «Радиант» Мугланын Бодрум районуна келди.

Автомобиль, күйүүчү май жана логистикалык секторлорунда иш алып барган Ас Мажид Ал Футтаим группасынын башкаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Ал Футтаимге тандык супер люкс яхта Бодрум жакындарына якорь таштады.

Ичинде Футтаим жана жакындарынын да бар экендиги айтылган яхтага тамак  - аш жеткирилди.

100 метр алды жагындагы бир паромду оодара турганчалык жогорку күчтөгү аскердик суу замбиреги болгон яхтада чукул абалдарда отурган отургучту учурууга жараган атайын коопсуздук системасы да бар.

Бардык ыңгайлуу шарттары болгон 110 метр узундуктагы яхтанын ичинде жакузилер, спорт залы, иш алып баруу бөлмөсү бар. Яхта тегеректегилердин да кызыгуусун тартты.

 



Тектеш кабарлар