Хеико Маас Түркияга рахмат айтты
Хеико Маас Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлгөн Сирия саммитинде ок атышпоону жактаган Түркияга рахмат айтты.
Германиянын тышкы иштер министри Хеико Маас Ирандын борбор шаары Тегеранда өткөрүлгөн Сирия саммитинде ок атышпоону жактаган Түркияга рахмат айтты.
Маас Берлинде Эл аралык Кызыл Крест комитетинин төрагасы Петер Мурер менен өткөргөн жолугушуудан кийин пресс – жыйын өткөрүп, Идлиб жана тегерегинде адамзаттык апааттын болушуна тоскоол болуу үчүн бардык нерсени аткарышкандарын айтты.
Бул үчүн түрк жетекчилер менен да сүйлөшүүлөрдү улантышкандарын белгилеген Маас түрк жетекчилеринин өткөн жумада Тегеранда орус жана ирандыктар менен жолугушкандыгын, ок атышпоону жактагандыгын көрсөткөндүгүн белгилеп : «Бул тууралуу ыраазычылыгымды билдирем»,- деди.
Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менен мурунку күнү сүйлөшүү өткөргөндүгүн эске салган Маас бүгүн да Берлинде тосуп ала турган Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Сирия тууралуу сүйлөшөрүн билдирди.
Маас Идлибде чоң кол салууга тоскоол болууга салымын кошо турган бардык абалдарды ыраазычылык менен кабыл алгандыгын айтты. Маас өзгөчө немис өкмөтүнүн Эл аралык Кызыл Крест комитетине 150 миллион евро берерин де билдирди.