Түркия Парагвайга рахмат айтты

Парагвай Кудска көчүргөн Израиль элчилигин кайрадан Тель Аивиге көчүрүү чечимин чыгарды.

1045055
Түркия Парагвайга рахмат айтты

Түркия Парагвайдын Кудска көчүргөн Израилдеги элчилигин кайрадан борбор шаар Тель Авивге көчүрүү үчүн чыгарган чечимин ыраазычылык менен кабыл алды.

Парагвай чоң хаоско себеп болгон демилгеге орток болуудан баш тартты.

Парагвайдын тышкы иштер министри Луис Альберто Кастиглиони май айында Кудска көчкөн Израилдеги элчилигин кайрадан борбор шаар Тель Авивге көчүрөрүн билдирди. Министр : «Парагвай Жакынкы Чыгышта кенен, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты түзүү үчүн аймактык дипломатиялык аракеттерге салым кошууну каалайт»,- деди. Берилген маалыматка Израиль каршылык көрсөттү.

Израилдин премьер- министрлик офисинен берилген маалыматта Израилдин Парагвай элчилигинин жабылары жана элчинин чакырыларын белгиледи.

АКШ да Парагвайга кысым жасай баштады.

Вице – премьер - министр Майк Пенс Парагвайдын мамлекет башчысы Марио Бенитезге телефон чалып мурунку чыгарган чечимин улантуусун суранды. Бенитез болсо элчилигин Тель Авивге көчүрүүдө чечкиндүү экендигин белгиледи.

Түркия Парагвайдын чечимин ыраазычылык менен кабыл алды.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу парагвайлык кесиптеши Луис Альберто Кастиглиони менен телефон аркылуу сүйлөштү. Чавушоглу Парагвайдын чечиминен улам кесиптешине рахмат айтты. Чечимдин Израиль- Палестина келишпестигинин адилеттүү жана туруктуу чечүүчү жолго жетишине салым кошорун белгиледи.

Ислам Кызматташтык Уюму менен Араб Лигасы да Парагвайдын чечимин ыраазычылык менен кабыл алгандыгын билдирди.

АКШ Жакынкы Чыгышта тынчтык үмүттөрүн коркунучка салуу менен Тель Авивдеги элчилигин 21 -майда Кудска көчүргөн. Гватемала жана Парагвай да бул провакацияга кошулган эки өлкө болгон.



Тектеш кабарлар