Тышкы иштер министрлигинен Ливия тууралуу билдирүү
Түркия Ливиядагы кагылышуулардан тынчсыздангандыгын билдирди.
1041940
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта : «Ливиянын борбор шаар Триполиде 27 - август күнү башталган жана күч алуу менен көп сандаган жарандын өлүмү менен жараланышына жол ачкан кагылышуулардан тынчсыздануудабыз»,- деп билдирилди.
Маалыматта Ливияда бардык тараптардын күнөөсүз кишилерге зыянын тийгизген жана БУУнун жол башчылыгында жүргүзүлгөн саясий процессти үзгүлтүккө учуратуучу кыймылдардан алыс туруунун мааниси баса белгиленип : «Түркия Триполиде кагылышуулардын токтотулушу: тынчтык жана коопсуздуктун кайрадан курулушу тууралуу аракеттерге толук колдоо берип жатат»,- деп айтылды.
Ливиянын борбор шаары Триполи бир канча күндөн бери Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу полктордун арасында кагылышууларга сахна болууда.