Президент Эрдоган - Штайнмайер сүйлөшүүсү
Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар менен бирге актуалдуу темалар да каралды.
Президент Р. Т. Эрдоган Германия федералдык республикасынын президенти Фрэнк-Вальтер Штайнмайер менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Президенттик булактардан алынган маалыматка караганда сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар менен бирге актуалдуу темалар да каралды.
Түркия менен Германиянын ортосундагы кеңешүү жана кызматташтык механизмдеринин кайрадан функционалдуу абалга келишинин кубантуучу экендиги баса белгиленген сүйлөшүүдө эки лидер карым - катнаштарды өнүктүрүү чечкиндүүлүгүн такташты.
Сүйлөшүүдө Прзидент Эрдогандын келерки айдын акырында Германияга жасай турган сапарына байланыштуу даярдыктар да сөз болду.
Президент Эрдоган менен немис кесиптеши Фрэнк-Вальтер Штайнмайер, эки өлкөнүн тышкы иштер, казына жана каржы министрлеринин ортосунда алдыбыздагы күндөрдө өткөрүлө турган сүйлөшүүлөрдүн карым - катнаштардын дагы да күчтөндүрүлүшүн ылдамдатары белгиленди.