Президент НАТО саммитинен кайтышында учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди

Эрдоган Трамптын Ф  - 35 учактарынын тапшырылышында кандайдыр бир маселенин чыкпай тургандыгына кепилдик бергендигин белгиледи.

1012292
Президент НАТО саммитинен кайтышында учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди

Президент Р. Т. Эрдоган НАТО саммитинен кайтышында учакта журналисттердин суроолоруна жооп берди.

АКШнын президенти Трамп менен жолугушуусунун түшүмдүү өткөндүгүн айткан Эрдоган Трамптын Ф  - 35 учактарынын тапшырылышында кандайдыр бир маселенин чыкпай тургандыгына кепилдик бергендигин белгиледи.

Эрдоган саммитте Түркиянын Афганстандагы аскерлер санынын көбөйтүү чечиминин чыгарылгандыгын да белгиледи. Эрдоган НАТО саммитинен Түркиянын террор менен күрөшүүсүн колдой турган бир чечимдин чыккандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган НАТОнун Иракта аскердик билим берерин белгилеп, Түркиянын да жардамчы командирлик кызматын аткарарын айтты.

Италиянын премьер  - министри Гиусеппе Конте менен да сүйлөшкөндүгүнө токтолгон Эрдоган : «Эки тараптуу жана аймактык темаларды сүйлөштүк. Италиянын премьер  - министри Конте менен кенен масштабдуу жана мыкты сүйлөшүү өткөрдүк. Италия менен бул мезгилде дагы кыймылдуу жана түшүмдүү процессти өткөрөбүз»,- деди.

Президент Эрдоган Германиянын канцлери Ангела Меркель менен качкындар келишими жана НСУ доосуна байланыштуу сүйлөшүү тууралуу кенен маалымат берди.

Эрдоган Германияда 11 -  июлда аяктаган НСУ доосуна байланыштуу : «НСУ доосунда чыккан чечимдин канааттандырарлык эмес экендигин, маселенин маңызына жетүү керектигин айттык. Бул бир Гладио окуясы болушу мүмкүн,  буга терең кароо керек. Бул жерде ал аялдын түбөлүк абак жазасы алышы жапа тарткан үй  - бүлөлөрдү канааттандырбайт. Маселенин бардык тарабы менен каралышы керектигин айттык. Өздөрү да көп тараптуу ойлошпой жатат.

Уюм өлтүргөн киши саны ортодо. Билдирилген чечимде болсо бир кишиге түбөлүк абак жазасы, башкаларына 10, 5,2,3 жылдык абак жазасынын берилгендигин көрүүдөбүз. Мындай чечим албетте үй  - бүлөлөрдү да канааттандырбайт. Буларды урматтуу Меркелдин өзүнө ачыкча айттым. Урматтуу Меркель менен сүйлөшүүбүздө террор менен күрөшүү тууралуу дагы чечкиндүү кыймыл кылышы керектигин  да белгиледик. Өзгөчө Германиядагы Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмү менен ПКК жикчил террордук уюм тууралуу тынчсызданууларыбыз бар. Сүйлөшүүбүздө Германиянын президенти Штайнмайердин чакыруусу менен бул жылы Германияга жасай турган сапарымды да карап чыктык. Бул сапарда аны менен Германияда кайрадан бетме  - бет жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз»,- деди.



Тектеш кабарлар