Өлкө тышында добуш берүү улантылууда

Түркияда 24 -  июнда өткөрүлө турган президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн өлкө тышында жана бажыканаларда добуш берген шайлоочу саны 1 миллион 228 миңге жетти.

995147
Өлкө тышында добуш берүү улантылууда

Өлкө тышында 7 -  июнда башталган добуш берүү бир топ жерде аяктады.

Германияда майрамдык эс алуу жана жуманын акырына туш келүүсү менен түрктөр көп жашаган Дюсселдорф жана Келн башкы консулдуктарында добуш берүү үчүн жарандар кезекке турушту. Өлкөдө жуманын акырында добуш бергендердин саны 500 миңден ашып рекордго жетишти.

Жогорку Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Сади Гүвен өлкө тышында жана бажыканаларда добуш берген шайлоочу санынын 1 миллион 227 миң 931 экендигин билдирди.

Түрктөр көп жашаган Германия, Голландия, Британия, Швейцария, Бельгия, Австрия жана Францияда добуш берүү бүгүн кечке чейин улантылат.

АКШда 100 миң шайлоочудан 31 миң 500 киши добуш берип, шайлоого катышуу катнашы 31 пайыз болуп ишке ашты. Добуш берүү үкөктөрү түрк аба жолдоруна таандык учактар менен Түркияга алып келинет. Бул добуштар 24 – июнда Түркиядагы добуш берүүдөн кийин саналат.



Тектеш кабарлар