Өлкө тышындагы түрк шайлоочулар

Кээ бир өлкөлөрдөгү түрк жарандары 24 -  июнда өткөрүлө турган президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш бере башташты.

993375
Өлкө тышындагы түрк шайлоочулар

Кээ бир өлкөлөрдөгү түрк жарандары 24 -  июнда өткөрүлө турган президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш бере башташты.

Кыргызстан, Казактан жана Кытайда жашаган түрк жарандары Түркияда 24 -  июнда боло турган президенттик жана парламенттик шайлоо үчүн добуш беришүүдө.

Казакстандын борбор шаары Астанадагы түрк жарандары Түркиянын Астана элчилигинде добуш берсе, Алматы жана Актауда шайлоочулар консулдук имараттарына добуш берүү үчүн барышты.

Жогорку Шайлоо Комиссиясы тарабынан берилген маалыматка ылайык Астана ээлчилигинде  1641, Алматы башкы консулдугунда 2 миң 578 жана Актау башкы консулдугунда да 348 шайлоочу катталган.

Шайлоочулар 16 – 17 -  июнь күндөрү жергиликтүү убакыт боюнча саат 09: 00дөн кечки саат 21 :00гө чейин добуш бере алышат.

Кыргызстандагы 2 миң 30 түрк шайлоочу да бүгүн жана эртең добуш берет.

Кытайдагы түрк шайлоочулар да жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дө добуш бере башташты.

Пекин элчилигинин тышында Шанхай, Гуангжоу жана Гонгконг башкы консулдуктарында да добуш берүү улантылууда.

Пекинде 616, Гуангжоуда 510, Шанхайда 790 жана Гонгконгдо  345 шайлоочу менен Кытайда жалпы 2 миң 261 шайлоочу жашап жатат.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында да өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган шайлоочулар Лефкошадагы бир мектепте добуштарын бере баштады.

Шайлоочулар 18 -  июнга чейин саат 09:00дөн 21:00гө чейин добуш бере алышат.

Бириккен королдуктагы түрк жарандарынын 4 күндүк добуш берүү процесси да башталды.

Британия, Түндүк Ирландия, Галлер жана Шотландияда жашаган түрк жарандары добуштарын жергиликтүү саат боюнча 09:00дөн баштап Лондондун батышындагы Олимпиа конференция борбору менен Шотландиянын борбор шаары Эдинбургдагы Эдинбург башкы консулдугунда добуш беришүүдө.

Жарандар эки борбордо да  19 -  июнь шейшемби күнү кечке чейин, жума ичинде жана жуманын акырында жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 – 21: 00 саттарында добуш бере алышат.

Швецияда да өлкө тышындагы шайлоочу тизмесине катталган шайлоочулар борбор шаар Стокгольмдагы Киста жарманкесинде курулган 17 үкөктө добуш беришет.

39 миңге жакын шайлоочу катталган Швецияда добуш берүү 17 -  июнь жекшемби күнү Түркия убактысы боюнча 20:00гө чейин улантылат.

Грецияда да түрк шайлоочулар борбор шаар Афина, Салоники, Гүмүлжине жана Родосто добуш бере баштады.

11 миңге жакын шайлоочу болгон Грецияда добуш берүү 2 күнгө созулат.

Босния  - Герцеговина, Македония, Румыния жана Суданда жашаган түрк шайлоочулар да добуш бере баштады.

Бул 4 өлкөдө да добуш берүү мөөнөтү 2 күнгө созулат.

Орусияда жашаган шайлоочулар да Москва элчилиги менен Санкт Петербург, Казан жана Новороссийск башкы консулдуктарында добуш беришүүдө.

Санкт Петербург башкы консулдугунада курулган үкөктөр бүгүн гана ачык болуп, Москва элчилиги, Казан жана Новороссийск башкы консулдуктарында добуш берүү эртең да улантылат.

 



Тектеш кабарлар