Президент Эрдоган бүткүл адамзаттын сынактан өтпөгөндүгүн айтты

Президент Р. Т. Эрдоган «Зулумчулукка наалат, Кудска колдоо» митингинде сөз сүйлөдү.

974390
Президент Эрдоган бүткүл адамзаттын сынактан өтпөгөндүгүн айтты

Президент Р. Т. Эрдоган Кудс маселесинде бир гана ислам дүйнөсүнүн эле эмес, бардык адамзаттын сынактан өтпөй калгандыгын айты.

Президент Түркия ыктыярдуулар фондунун жол башчылыгында Стамбул Йеникапы митинг аянтында Палестина калкына колдоо көрсөтүү максатында өткөрүлгөн жана 500 миңден ашуун киши катышкан «Зулумчулукка наалат, Кудска колдоо» митингинде сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган сөзүндө адамзаттыктын жана мусулмандардын кадыр  - баркын коргоо милдетин алган Палестина калкына ыраазычылык билдиргендигин белгиледи. Кудстун бир гана шаар эмес, бир символ, бир сынак жана кыбыла экендигин белгилеген Эрдоган : «Биринчи кыбылабызды сактап кала албасак акыркы кыбылабыздын келечегине ишенимдүү карай албайбыз. Ачык айтуу керек болсо ислам дүйнөсү Кудс маселесинде сынактан өтпөй калды. Бир гана ислам дүйнөсү эле эмес, бүтүндөй адамзаттык да сынактан өтпөдү»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган 1967 -  жылы Кудстун басылып алынышына үн чыгарбаган БУУнун Израилдин кылган зулумчулугун жөн гана карап туруу менен бул зулумчулукка орток болгондугун баса белгилеп : «Эмне үчүн дүйнө бештен чоң деп жатам. Муну түшүнүп жатасыңарбы? Болбосо бир Американын эки эрининин ортосунда калган дүйнөдө зулумчулуктан башка эч нерсе көрө албайсыңар»,- деди.

Президент Израилдин 1947 -  жылдан бери каалаганын аткаргандыгын жана бүгүн да ошол эле жолду улантып жаткандыгына көңүлдөрдү буруп, бул чындыктарды көрбөстүккө салууга болбой тургандыгын айтты.

«Месжид  - и Акса барган сайын радикал сионисттердин буту менен булганып жатат. Ел – Халил мечити азыр да бошотула элек. Биз мусулмандар айыптагандан башка эч нерсе кыла албай жатабыз»,- деген Эрдоган Түркиянын дипломатиялык каналдарды иштетип, таштаган так кадамдар менен Кудс жана Палестина маселеси тууралуу дайыма күрөшкөн өлкө экендигин айтты.



Тектеш кабарлар