Бүгүн 19 – Май

Улуу жол башчы Мустафа Кемал Ататүрктүн Самсунга барып улуттук күрөштү башташынын 99 -  жылы.

974483
Бүгүн 19 – Май

 

19 -  Май Ататүрктү эскерүү жаштар жана спорт майрамы өлкөдө, Түндүк Кипр Түрк Республикасында жана тышкы өкүлчүлүктөрдө түрдүү иш чаралар менен майрамдалууда.

Борбор шаар Анкарадагы аземдердин биринчи адреси Аныткабир (мазолей) болду.

Жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак 81 облустан келген жаштар менен Ататүрктү зыярат кылышты. Делегацияда спортчулар, окуучулар, элдик бий топтору жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан келген жаштар орун алды.

Ататүрктүн мавзолейине гүл чамбар коюлгандан кийин бир минуталык эскерүү болду.

Эркиндик маршынын аткарылышынан кийин Осман Ашкын Бак  Аныткабирдин атайын дептерине кол койду. Жаштар жана спорт министри  Осман Ашкын Бак : «Улуу Ататүрк 1919 -  жылы 19 -  май күнү Самсунда баштаган эркиндик күрөшү түрк тарыхынын эң чоң бурулуш жерлеринин бири болгон. Ал күнү Самсунда жаккан эркиндик шамы улуу улутубуздун көңүлүндө азыр да ошол күндөгүдөй жанууну улантууда. Кечээ душмандын басып алуусунан кутулуп, мекенди коргогон жаштардын ордун бүгүн ошол эле дем күч менен алардын изи менен кеткен эркиндикти жактаган жаштар алды.

Түркияны өнүккөн цивилизациялар деңгээлине жеткирүүнү жана иштөөнү жаштарыбыз менен улантып жатабыз.

Жаштарга белек кылган 19 -  Май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамынан улам башта сиз болуу менен бардык каармандарыбызды урмат – сый  менен эскерем».

81 облустан келген жаштар андан кийин Президент Р. Т. Эрдоган менен жолугушат.

19 -  Май жаштар жана спорт майрамы Стамбул, Измир жана өлкөнүн төрт тарабында түрдүү иш чаралар менен майрамдалууда.  

 



Тектеш кабарлар