Түркия Ливиядагы кол салууну айыптады

Кечээ Ливиянын борбор шаары Триполидеги Жогорку Шайлоо Комиссиясынын имаратына ДЕАШ террордук уюм жасаган куралдуу кол салууда 15 киши каза болуп, 19 киши жараланган.

963214
Түркия Ливиядагы кол салууну айыптады

Түркия Ливиянын борбор шаары Триполиде жасалган жана Жогорку Улуттук Шайлоо Комиссиясын бутага алган террордук кол салууну катуу айыптады. Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Ливиянын борбор шаары Триполиде жасалган жана Жогорку Улуттук Шайлоо Комиссиясын бутага алган террордук кол салууну катуу айыптап, бул кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз»,- деп билдирилди.

 «Ливиянын тынчтык жана ырааттуулугун бутага алган бул кол салууга каршы Түркиянын дос жана бир тууган Ливия калкына колдоо жана тилектештиктигибизди  кайталайбыз»,- деп билдирилди маалыматта.

Кечээ Ливиянын борбор шаары Триполидеги Жогорку Шайлоо Комиссиясынын имаратына ДЕАШ террордук уюм жасаган куралдуу кол салууда 15 киши каза болуп, 19 киши жараланган.

 



Тектеш кабарлар