Татарстандын президенти Рүсте Минниханов Анкарада

Журналисттерге маалымат берген Минниханов сапарынын негизинде Анкара жана Стамбулда жолугушууларды өткөрөрүн айтты.

959417
Татарстандын президенти  Рүсте Минниханов Анкарада

Орусия федерациясына караштуу Татарстандын президенти Рүстем Минниханов расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн борбор шаар Анкарага келди.

Журналисттерге маалымат берген Минниханов сапарынын негизинде Анкара жана Стамбулда жолугушууларды өткөрөрүн айтты. Минниханов эртең Стамбулда өткөрүлө турган Түркия  - Татарстан иш форумунда өздөрүнө жаңы өнөктөш табууну ойлогондугун белгиледи.

Түркияда жашаган татарлар менен да жолугуша тургандыгын белгилеген Минниханов : «Түркия кичи жана орточо чоңдуктагы ишканалар өкүлдөрүбүздү билим берүү программасынан өткөргөндүгү үчүн рахмат айтабыз. Бир топ планыбыз бар. Саламаттыкты сактоо тармагында да жаңы проектилерди баштайбыз, жыйынтыгын бирдикте көрөбүз»,- деди.

Минниханов Түркия иш чөйрөлөрүнүн Татарстандын эң чоң инвесторлору экендигин айтып : «Мында орток тарыхыбыз, тилибиз жана динибизге карыздарбыз. Ушундайча бири бирибизди  жакындан иликетп жана достугубуз кылымдар боюнча улантылат»,- деди.

Бүгүн Татарстанда Эне тили майрамы экендигин эске салган Минниханов : «Эне тили майрамыбыз биздин белгилүү акыныбыз Абдулла Тукайга арналды. Бул бир гана татар калкынын эле акыны жана майрамы эмес, түрк дүйнөсүнүн да майрамы. Ушул себеп менен түр калкына да Абдулла Тукайга берген баа жана урмат  - сый үчүн рахмат айтам. Стамбулда анын атын алган парк бар, Анкарада да бир проспект бар, айкели бар. Булардын баары үчүн Түркияга ыраазычылык билдиребиз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар