Улуттук коргоо министри азербайжандык кесиптеши менен жолугушту

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда аскердик жана коргонуу тармагындагы кызматташтык темалары каралды.

940385
Улуттук коргоо министри азербайжандык кесиптеши менен жолугушту

Улуттук коргоо министри Нуреттин Жаникли расмий сапар менен Анкарага келген Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен жолугушту. Эки министр андан кийин делегациялар аралык сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда аскердик жана коргонуу тармагындагы кызматташтык темалары каралды. Бир тараптан Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коргоо министрлеринин арасында 31 -  март ишемби күнү Гиресунда үч тараптуу саммит өткөрүлөт. Саммитке министр Жаникли, Азербайжандын коргоо министри Хасанов менен Грузиянын коргоо министри Леван Изориа да катышат. Саммиттин акырында коргонуу тармагында кызматташтык макулдашуусуна кол коюлушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар