Президент Р. Т. Эрдоган Сенегалда

Президент Р. Т. Эрдоган Сенегалдын Африка континентинде үлгү өлкө экендигин, аймагында тынчтыкка абдан чоң салым кошкондугун баса белгиледи.

921224
Президент Р. Т. Эрдоган Сенегалда

Президент Р. Т. Эрдоган Фетуллахчы террордук уюм ФЕТӨ менен күрөштө Сенегал менен кызматташтыктын чечкиндүүлүк менен улантыларын айтты. Эрдоган менен Сенегалдын президенти Макки Салл Республика сарайындагы жекеме  - жеке жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Сенегалга жасаган сапарынан кубанычтуу экендигин айткан Эрдоган Сенегалдын саясий жана экономикалык ырааттуулукту, демократия менен Африка континентинде үлгү өлкө экендигин, аймагында тынчтыкка абдан чоң салым кошкондугун баса белгиледи.

Сенегалдын президенти Салл менен эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштар жеткен деңгээлди кайрадан карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн тапкандыгын айткан Эрдоган : «2013 -  жылы премьер  - министр катары келдим жана чыгарган чечимдердин ал күндөн бери турмушка ашырылгандыгын көрүп турам. 2013 -  жылдан кийин өлкөбүз кандай өнүккөн болсо бул сапарымдан кийин да бир жаңылыктын болоруна ишенем»,- деди.

Түркия менен Сенегалдын ортосундагы жакшы саясий карым  - катнаштардын эки тараптуу соода карым – катнаштарында өзүн көрсөткөндүгүн белгилеген президент Эрдоган буларды айтты : «2017 -  жылы соодабыз биринчи жолу 200 миллион доллардан ашып, 250 миллион долларга жакындады. Эми бул санды дагы жогоруталабыз бирок соода көлөмүн жогорулаткандай аны тең салмактуу кармап туруу да абдан чоң мааниге ээ болууда».

Сенегалга 150дөн ашуун ишкер менен баргандыгына токтолгон Эрдоган түрк жана сенегалдык ишкерлердин инвестицияда жетише турган ийгилигинин маанилүү экендигин да баса белгиледи.

Түркиянын Африка менен карым  - катнашынын 10 -  кылымга таянгандыгын эске салып, бул тарыхта эч бир кара тактын болбогондугун баса белгилеген президент Эрдоган келечек кылымдын бир Африка кылымы болоруна ишенгендигин, кызматташтыкка да ушул жактан узун мөөнөттүү карагандыгын айтты. Сенегалдын президенти Салл болсо президент Эрдоганга Сенегалдын эң жогорку мамлекеттик ордени «Сенегал Жогорку Мамлекеттик Орденин» такты.

Эки өлкөнүн ортосунда транспорт, туризм, жаратылыш булактары сыяктуу тармактарда көп сандаган келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар