Түркиянын ДЕАШ менен күрөшү
Түркияда акыркы бир канча жылда 304 киши каза болгон.
Министрлер кеңешинин чечими менен 2013 - жылы ДЕАШты террор уюму катары кабыл алган Түркиянын бул уюм менен күрөшү улантылууда. Түркияда акыркы бир канча жылда 304 киши каза болгон. Булардын ичинен 10 киши полиция жана бирөөсү аскер болгон.
ДЕАШ кол салууларында 62си полиция жана 7сү аскер болгон жалпы 1.338 киши жараланган. Кандуу уюмга карата күрөштө мурунку жылга чейин 3 миң 840 киши чет элдик болуп, 9 миң 350 чет элдик турист камоого алынып, 1337си чет элдик болгон 3.069 киши кармалган.
Уюмга жардам берүүнү максат кылган 12 коом, 2 миң 564 социалдык медиа да жабылды. 33 шаарда 66 «Тобокелдиктерди талдоо бөлүмү» түзүлдү. Бул бөлүктөр 17 миң 500 чет элдик шектүү кишини текшерүүгө алып, булардан 4 миң 550сү өлкөдөн чыгарылды.
Кагылышуу болгон аймактарга барууга аракет кылган 99 өлкөдөн 4 миң 957 киши болсо кармалып өлкөдөн чыгарылды.
146 өлкөдөн 53, 781 кишинин өлкөгө киришине тыюу салынды. Качкындар агымына карата чаралар менен чет элдик террористтердин өтүшүнө да бөгөт коюлду.
2015 - жылы март айынан мурда грек аралдарына өткөн иретсиз качкын саны күнүмдүк 7 миңдерден 40тарга түштү. Тыгыз коопсуздук жана чалгындоо чараларынын саясында бир гана 2016 - жылы 22 чоң террордук кыймылдын алды тосулду.
Тектеш кабарлар
Түркия Крым татарлары жана черкес сүргүнүндө каза болгондорду эскерди
Түркиянын Крым татарларынын жана Кавказдагы боордош элдердин кайгысын тең бөлүшөрү билдирилди.