Ливандын премьер - министри Түркияда

Харири премьер  - министр Йылдырым тарабынан Чанкая сарайында азем менен тосулуп алынды.

900558
Ливандын премьер  - министри Түркияда

Ливандын премьер  - министри Саад Харири премьер  - министр Бинали Йылдырымдын чакыруусу менен Түркияга келди. Харири премьер  - министр Йылдырым тарабынан Чанкая сарайында азем менен тосулуп алынды.

Бинали Йылдырымдын ливандык кесиптеши менен жолугушуусунда эки тараптуу карым  - катнаштар менен аймактык абалдар каралат. Өзгөчө террор менен күрөш, Сирияда болгондор жана мыйзам тышы көч маселелери эки премьер  - министрдин күн тартибинде болот.

Премьер  - министр Йылдырымдын кесиптешине Түркиянын террор менен күрөшүүгө байланыштуу таштаган кадамдары менен Афринге карата «Зайтун бутагы» операциясын тууралуу маалымат бериши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар