Исмаил Кахрамандын Тегеран жолугушуулары

Кахраман Катар Шура кеңешинин төрагасы Ахмет Бин Абдуллах Бин Зейд менен жолугушту.

890648
Исмаил Кахрамандын Тегеран жолугушуулары

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Исмаил Кахраман Ирандагы жолугушууларын улантууда. Исмаил Кахраман Ислам Кызматташтык Уюмунун парламентарлар биримдигинин жыйынына катышуу үчүн барган Иранда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрүүдө. Кахраман Катар Шура кеңешинин төрагасы Ахмет Бин Абдуллах Бин Зейд менен жолугушту.

Парламенттин спикери Кахраман андан кийин Мозамбиктин парламент башчысынын орун басары Антонио Жосе Амелиа менен жолугушту. Кахраман эки тараптуу жолугушуулардын негизинде Тегерандагы конференцияда Сенегал парламентинин өкүлү катары Ислам Кызмтаташтык Уюмунун парламентарлар биримдигинин баш катчысы болуп шайланган Мухаммед Курейши Нияс менен да жолугушуп куттуктады.



Тектеш кабарлар