Татарстандын президенти Минниханов Муглада болду

Татарстандын президенти Рүстем Минниханов коштоосундагы делегация менен Мугланын Ятаган районундагы жылуулук электр станциясын кыдырды.

886672
Татарстандын президенти Минниханов Муглада болду

Орусия федерациясына караштуу Татарстандын президенти Рүстем Минниханов коштоосундагы делегация менен Мугланын Ятаган районундагы жылуулук электр станциясын кыдырды. Минниханов  энергетика боюнча инвестицияларга чоң маани беришкендерин айтты. Минниханов өлкөсүнүн энергия булактарын пайдаланбастан  өнүгүүнүн мүмкүн эмес экендигин белгилеп : «Азыркы күндө энергетикага  дагы көп муктаждык бар. Өнүгүү жактан, экономикалык жактан энергетика шарт. Ошондуктан Татарстан энергетика секторуна чоң маани берүүдө»,- деди.

Бул тууралуу Түркиянын тажрыйбаларынан пайдаланууну каалашкандарын айткан Минниханов : «Жаңыланууга боло турган энергия булактарынын пайдаланылышы жана сапаты жактан мыкты система менен электрдын бөлүштүрүлүшү биздин негизги максаттарыбыздын арасында»,- деди.

 



Тектеш кабарлар