Жаштар Түркияны кыдырышты

Австрия жана Канададан Түркияга «Жаштык көпүрөсү» курулду.

881965
Жаштар Түркияны кыдырышты

 

Өлкө тышындагы түрктөр жана тууган коомдор башкармалыгынын өлкө тышында жашаган жаштар үчүн уюштурулган  «Эвлия Челеби жаштык көпүрөсүн колдоо программасынын» негизинде Түркияга келген 90 жаш Стамбул, Бурса, Чанаккале жана Эдирнени кыдырышты.

Австрия жана Канададан үч тайпа түрүндө келген жаштар 23 -  декабрь жана 3 -  январда түрдүү тарыхый жана маданий жерлерди кыдырышты.

Өлкө тышында жашаган жаштардын улуттук, руханий жана маданий баалуулуктарды, тарыхый тегин ордунда таануулары максатында  «Жаштык көпүрөлөрү» проектисинин негизинде Түркияга келген жаштар Стамбул, Бурса, Чанаккале жана Эдирнени кыдырып тарыхый мурастарды ордунда көрүү мүмкүнчүлүгүнө жетишип жана түрдүү семинарларга катышты.



Тектеш кабарлар