ИКУнун жыйналышында Иерусалим темасында эмнелер жасала ала турганы каралат

Эрдоган, сапарынан мурда бир грек телеканалында белгилеген Лозанна темасындагы көз карашын эки тараптуу жолугушууларда да айтканын маалымдады.

865202
ИКУнун жыйналышында Иерусалим темасында эмнелер жасала ала турганы каралат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын Иерусалим токтомунун башка мамлекеттерди баш ийдире албай турганын айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Грециядан кайтып келе жатканда учакта журналисттер менен болгон баарлашуусунда шаршемби күнү Стамбулда боло турган ИКУнун жыйналышында Иерусалим темасында эмнелер жасала ала турганынын каралаарын белгилеп кетти.

Президент, Иерусалим маселеси үчүн дүйнөлүк лидерлер менен тыгыз сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айтты.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Грециянын президенти Прокопис Павлопулос жана премьер-министр Алексис Ципрас менен болгон жолугушууларда да Түркия жана Европа Биримдигинин качкындар боюнча келишими жана Кипр темасындагы сүйлөшүүлөр каралып чыкканын айтты.

Эрдоган, Батыш Фракия сапарынан кеп кылып жатканда Лозаннада айтылган азчылык укуктарына көңүл буруп, маселелерге чечим табуу аракетин баса белгиледи.

«Түркия катары биздин дартыбыз Греция менен болгон карым катнаштарыбызда ачык жана чынчыл түрдө, конструктивдүү мамиле менен маселелерге чечүүчү жол табуу»,деген президент: «Биз бири-бирибиз менен коңшу эки өлкөбүз. Уруш эч кимге пайда алып келбейт. Ошондуктан карым-катнаштарыбыздагы оң абалдар бизди бактылуу кылат»,-деди.

Эрдоган, сапарынан мурда бир грек телеканалында белгилеген Лозанна темасындагы көз карашын эки тараптуу жолугушууларда да айтканын маалымдады.

«Лозанна темасында менден суралган бир суроого жооп иретинде керек болсо жаңылоо жасала ала турганын белгилеп кеттим»,-деп айткан Эрдоган, «Лозанна» келишиминин бир гана Түркия менен Грециянын ортосунда эместигин айтып: «Керек болуп жатса Лозанна дагы жаңылана алат. Биз парламенттерде конституцияларды деле алмаштыруудабыз. Бирок бул тема каршы чыгуу калыбына айланыптыр. Биздин эч бир өлкөнүн жерине көз арткан жерибиз жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар