Эрдоган менен Путин Иерусалим темасында пикир алмашышты

Президент Эрдоган, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

863740
Эрдоган менен Путин Иерусалим темасында пикир алмашышты

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иерусалим темалуу телефондогу дипломатиясы уланууда.

Президент Эрдоган, Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Анда АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп жарыялоосу жана буга байланыштуу абалдар темасында пикир алмашылды.

Израилдин 1980-жылы чыгарган Иерусалимди аннекциялоо чечиминин эл аралык жамаат жана БУУ тарабынан четке кагылганына көңүл бурган президент Эрдоган, АКШ бийлигинин таштаган акыркы кадамынын аймактагы тынчтык жана ырааттуулукка терс таасир тийгизе турганын баса белгиледи.

Орусиянын президенти Путин дагы ошондой эле көз карашта экенин айтып, БУУнун коопсуздук кеңеши багытында бул жагдайларды байкай тургандарын белгиледи. Эки лидер, эки тараптуу жана эл аралык темаларда пикир алмашуу үчүн жакын байланышта болуу темасында макулдашышты.



Тектеш кабарлар