Элчи Андрей Карловдун эстелиги тургузулду

2016 -  жылы 19 – декабрда Анкарада жасалган кол салууда каза тапкан Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карловдун элесине жасалган эстелик  тургузулду.

854903
Элчи Андрей Карловдун эстелиги тургузулду

2016 -  жылы 19 – декабрда Анкарада жасалган кол салууда каза тапкан Орусиянын Анкара элчиси Андрей Карловдун элесине жасалган эстелик  тургузулду.

Орусиянын Анкара элчиси Алексей Ерховдун жетекчилигинде өткөрүлгөн эскерүү иш чарасына Андрей Карловдун жубайы Марина Карлова менен тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу саясий карым  - катнаштар боюнча башкы директору элчи Алтай, Анкара мэри Мустафа Туна, дипломатиялык миссиянын өкүлдөрү, орус жана түрк жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Алтай сүйлөгөн сөзүндө кол салууда каза болгон Карловду урмат  - сый менен эскергендигин билдирип : «Түркия  - Орусия карым – катнаштарынын өнүктүрүлүшүнө салым кошуп, эки өлкөнүн жакындашуусуна жакындан күбө болгон элчи, кесиптеш жана инсан эле»,- деди.

Алтай Карловдун элесинин жашатылышы үчүн Түркиянын так кадамдар таштагандыгын белгилеп, ушунун негизинде Орусиянын Анкара элчилиги жайгашкан Карягды көчөсүнө Андрей Карлов атынын берилгендигин айтты.

Элчи Ерхов болсо Карловдун дипломатиялык карьерасында жогорку ийгиликтерге жетишкендигин айтып : «Орус  - түрк карым – катнаштарынын азыркы учурдагы бекемделишине Андрей Карлов абдан чоң салым кошту»,- деди.

Түркияда Карловдун атынын проспект жана көчөлөргө берилишинин жөн гана нерсе эмес экендигин белгилеген Ерхов : «Кол салууда өлтүрүлгөн элчибиздин ордуна жаңы келгенимде анын канчалык сүйүлгөн киши экендигин билдим»,- деди.

 



Тектеш кабарлар